Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

2019-жылы Орусия Түркмөнстандан газ ала баштайт


Түркмөнстанда Чыгыш-Батыш куурунун ачылыш аземи. 31-май, 2010-жыл.
Түркмөнстанда Чыгыш-Батыш куурунун ачылыш аземи. 31-май, 2010-жыл.

9-октябрда Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов орус өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Константин Чуйченко жана “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер менен жолугушту.

Анда 2019-жылдын 1-январынан тартып “Газпром” түркмөн газын сатып алууну жандантышы тууралуу сөз болгону кабарланды. 2003-жылы Москва менен Ашхабаддын ортосунда табигый газ тармагында 25 жылдык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Түркмөн медиасы маалымдагандай, Орусия газды кайра иштетүү жана өндүрүштү өркүндөтүү багытында биргелешкен долбоорлорго кызыгарын билдирген.

Чуйченко түркмөндөрдүн гезити менен болгон маегинде орусиялык компаниялар Түркмөнстанда чоң энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жолдорун карап чыгышарын айтты.

Миллер түркмөн газын сатып алууну жандантууну “2018-жылдын аягында коммерциялык тыныгуунун аякташы” менен түшүндүрдү.

Түркмөнстандан салыштырмалуу арзан баада газ сатып алуу Орусиянын Европага газ экспортун көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

2015-жылы «Газпром» түркмөн газын алууну жылына 4 млрд. куб метрге чейин азайткан. 2010-жылы бул көрсөткүч 10 млрд. куб метр болчу.

XS
SM
MD
LG