Жогорку Кеӊеште кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесин белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Талант Мамытов («Республика - Ата Журт»), Каныбек Иманалиев («Ата Мекен»), Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү - Прогресс»), Акылбек Жапаров («Бир Бол»), Таалайбек Масабиров («Кыргызстан») жана аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев кирди. Бул тууралуу парламенттин токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесин белгилөөгө бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай турганын, маараке алкагында илимий конференциялар гана өткөрүлө турганын баса белгиледи. (КЕ)