Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Индонезияда цунаминин курмандыктарынын саны өсүүдө


Индонезиядагы Сулавеси аралында жер титирөөдөн соң башталган цунамиден каза болгондордун саны өсүүдө.

"Reuters" агенттигинин өлкө бийликтерине таянып маалымдашынча, аралдагы Палу шаарында 420 адам каза болгону аныкталды. Табигый кырсыктан каза болгон жана жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени кабарланды. Учурда алыскы аймактардан жабыркагандар тууралуу маалыматтар келе элек. Палу шаарындагы талкаланган имараттардын алдында ондогон адамдар калышы мүмкүн. Жүздөгөн адамдар жараат алды. 10 миң адам үй-жайдан ажырады.

Күбөлөрдүн айтымында, бийиктиги алты метрге жеткен цунами шаарды бир заматта каптаган.

Кырсык тууралуу алдын ала маалымдабаганы үчүн Индонезиянын Гидрометеорология агенттигине сындар айтылууда. Агенттик ишембиде жер титирөө жөнүндө эскертүү таратып, бирок жарым саат өтпөй эч кандай коркунуч жок экенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG