Ушуга байланыштуу билим берүү илиминин доктору, Назарбаев университетинде иштеп жаткан Дүйшөн Шаматовго суроолорду бердик.
"Азаттык": Дүйшөн мырза, шаар кеңештеги шайлоонун жыйынтыгынан кийинки ой: саясатчы, таасирдүү аталардын ордун балдары басып, келечегибиз ошолордун колуна өтүп баратабы?
Шаматов: “Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деген сөз тилекке каршы Кыргызстандын башынан өтүп жатат окшойт. Албетте бул дайындоо, шайлоолорду үстүртөн карасаң эч мыйзам бузуу жок.
"Азаттык": Ооба, алар шайланып келишти. Шайлашты...
Шаматов: Бирок анын артында эмнелер турат, канчалаган акча, кандай күчтөр бар экенине көз жуумп коё албайбыз да. Ошол эле учурда билимдүү, бирок жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккандардын колдоосу, алдыга сүрөгөн бирөө жарымы жок болот. Жеке кызыкчылык болуп, тегеректегилер өзүнүн убактылуу кызыкчылыгын ойлоп, ушул байдын баласын шайлап алсак, мага бир пайда келеби деген ролду ойноп атышат.
Бирок дүйнөдө жакшы мисалдар да бар. Канаданын мурдагы премьер-министри Пьер Трюдо 1980-90-жылдары аябай жакшы иштеген. Анын баласы Жастин Трюдо азыр дүйнөлүк лидерлердин бирден бир абройлуусу, жаңы муундагы таза аба ырайын алып келген лидер десек болот.
"Азаттык": Бирок эми Жастин Трюдо менен биздеги жагдайды албетте салыштырып болбойт. Атасынын колдоосу, атагы менен келип үмүт жараткан, жамы элдин сый-сыймыгына ээ болгон бирөөнү да көрө элекмин.
Шаматов: Трюдо дегеним, ал бирок атасынын аброюн пайдаланбастан өз күчү менен келип жатпайбы. Ал эми Кыргызстандын деңгээлинде эмне кылсак болот? Көбүрөөк билим берүүгө басым жасасак. Жөнөкөй үй-бүлөнүн балдары да турмушка жеңилип калбастан өз тармагында кайра-кайра окуп алдыга жыла берсе.
Анткени бир жагынан ошол эле бай, таасирдүү кишинин депутат балдары кандай болсо да жакшы мектепте окуп калган да. Ошолор өз балдарын жакшы окутуп, ошонун эсебинен башкаларга караганда артыкчылыктуу болуп атат. Эсептеп келгенде эле менин балам бул жерде окуган деп алдыга түрткөнгө мүмкүнчүлүк болуп жатат да.
Ошол эле учурда жөнөкөй балдар чет өлкөгө, жакшы мектепке окуй албай калган соң байлардын балдарына атаандаша албай, менден эчтеке чыкпайт деп шагы сынып жатат. Бирок буга деле жакшы мисалдар бар да. Ошол эле депутат Жанар Акаевди алсак болот. Алар деле катардагы үй-бүлөдөн суурулуп чыкпадыбы. Ыраазы болгонум, көп тоскоолдукту жеңип чыккандыктан эми аларды башкалар майтара албайт.
"Азаттык": Бирок сиз айтып кеткен Жанар Акаевге окшогон мисалдар абдан аз. Азыр эгемендик алганда саясатка келгендер улгайып, муун алмашып атат. Ордуна келип аткандар башкалар болуп атпайбы? Тандоо башкача болуп атпайбы?
Шаматов: Эгемендикке 30 жылга гана жакындады. Бул абдан аз убакыт. Ушул эле Жанар Акаев баштаган жаштар азчылык болгону менен алардын тарыхый ролу өтө чоң. Анткени башка жаштар арасында аларды кумир туткандар бар. Ушундай болуш керек деп түз, таза жолго умтулгандар бар.
"Азаттык": Бирок криминалды кумир туткандар деле көп болуп атпайбы?
Шаматов: Көп, тилекке каршы. Бирок, салыштырсак, 90-жылдары криминал болом деп мектептен айтат эле. Азыр билимдин ролу бир аз болсо да көтөрүлө баштады. Ал учурда түз, таза жүргөндөрдү шылдыңдашат эле. Минтип кайда барасың дешчү.
"Азаттык": Баштан өткөн да?
Шаматов: Баштан өттү. Заманың түлкү болсо түлкү бол деген убак башыбыздан өттү. Ал учурда мектеп мугалимдери айылдагы тойго барса, той ээси "сен кое тур, мынабу маңзат соодагерин төргө өткөрүп коелу" дегенди көргөнбүз.
"Азаттык": Азыр деле андай көрүнүш аз деп айта албайбыз. Мен кеп нугун аз-маз бурайын. Мына азыр абакта отурган Сапар Исаков, Айбек Калиев, андан тышкары Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Улан Исраилов өткөн бийлик тушунда жетекчилик кызматтарда болушту. Алардын дарегине ошондо да, азыр да мактоого караганда сын көп болду. Бул эмнени билдирет? Жаштар ушинтип эл ишенимин жеп коюп жаткан жокпу бийликке келе албай жатып?
Шаматов: Эми, жаштар да ар кандай. "Жаштардын баарынан эле үмүт кыла берүү туура эмес" дегенге мен дагы бир жолу ынандым. Алардын арасынан дагы таза, кыргыз эли, жери үчүн иштесек экен дегендер бар. Бирок мурдагы системаны андан да бузуп, алдым-жуттумдукту багыт кылып, мурда байыган адамдардай мен да жашай берем, башкалар келесоо экен деген да жаштар болуп атат.
Ушундан улам адамдарга “эгер таза болсоң жакшы жашайсың, эл алдында жүзүң жарык, келечегиң болот. Эгер бир-эки жыл телевизорго чыгып, элди башкарымыш болуп, арамзаланып жүрсөң бир күн болбосо да, бир күн артыңан мыйзам келет, отурчу ордуңду табасың” деген сигнал болуп жатат. Муну жаштар жакшы түшүнүп турат. Ошон үчүн мен үмүткөрмүн, оптимистмин. Биздин балдар туура жана таза жолду тандап, Кыргызстан бара-бара оңолот.
"Азаттык": Качан? Мисалы, 2020-жылы парламенттик шайлоо өтүшү керек. Ошондон кийин таза, билимдүү, интеллектуалдуу жаштар мурдагы чакырылыштагыдан көп келет деп ишенесизби?
Шаматов: Ал убакыт эки жылдан кийин эле келет. Оптимистмин дегенде узагыраак келечекти айтып атам. 2020-жылы мыкты жаштар да келет. Ошол эле учурда популист жаштар да келет. Элдин көзүн боёп, улуттук сезимдерге от койгон, кыргыз деп гана чыгамын, кыргызча сүйлөбөгөндөрдү жазалайм дегендер да келет. Алардын да орду бар. Бирок бара-бара анык мамлекеттүүлүк, келечек дегендер көбүрөөк болот. Анүчүн азыртадан эле билим берүүгө көңүл буруп, эч нерседен тартынбаган, коркпогон балдарды тарбиялайлы.
"Азаттык": Сиз бир нече жылдан бери Казакстанда иштеп атасыз. Коңшу өлкөдө жаштар табигый жол менен тандалып келбесе да, бийлик аларды өстүрүп аткандай. “Болашак” деген программа менен чет өлкөдө окуп келген жаштардын алды азыр жогорку кызматтарга барып калды. Ошонун натыйжасын жакшы билсеңиз керек?
“Болашак” программасы 25 жылдан бери иштеп жатат. Таң калганым, Казакстан аны мунайга байып, акчасы көбөйгөндө баштаган эмес экен. Кыргызстанга окшоп эле экономикасы кыйналып турган учурда, Дүйнөлүк банктан карыз алып туруп баштаптыр.
Шаматов: “Болашак” программасы 25 жылдан бери иштеп жатат. Таң калганым, Казакстан аны мунайга байып, акчасы көбөйгөндө баштаган эмес экен. Кыргызстанга окшоп эле экономикасы кыйналып турган учурда, Дүйнөлүк банктан карыз алып туруп баштаптыр. Максаты - келечекте Казакстанга керектүү жаштарды чет өлкөлөрдөгү күчтүү университеттерде окутуу болгон. Азыр 12 миңден ашык жаштар окуп келишиптир.
Алардын кээ бирлери министр же министр орун басары болуп, парламентте да отурушат. Буларда деле бизге окшоп улуулар төргө өтсүн дегени бар. Бирок ушунча акча сарптап окуткандан кийин бир аз болсо да мүмкүнчүлүк түзүп берели деген аракеттер болуп атат. Казакстанда өз балдарын жакшы окутуп, келечекте ушулардан пайда көрөлү деген ишеним бар. Кыргызстанда да ушундай болсо дейт элем.
"Азаттык": Сиз идиректүү балдар окуса деп атасыз. Бирок андайлар акчанын аздыгынан жолу тосулуп калып жатат. Ошолорду мамлекет тандап алып, атайын программа менен окутууну улантса болот эле. “21-кылымдын кадрлары” деген программа өтөөсүнө чыкпады. Аны менен окуган кадрлардан деле дайын жок.
Казакстан “Болашакты” Сингапурдун мисалынан алган экен. Ли Куан Ю Назарбаевге “сен жаштарга инвестиция жаса, жаштарыңды карыз алып болсо да күчтүү окуу жайларга окут, ошолор мамлекетиңди өзгөртөт" деген экен.
Шаматов: Кыргызстан Казакстандагыдай кылса аябай колдойт элем. “21-кылымдын кадрлары” дегендин идеясы жакшы болгон. Бирок өтө эле аз адамдарды тандап, анда да тандоо процесси транспаренттүү, айкын болбоду. Ошону окуп келгендер деле кайда кеткени белгисиз, кээ бирлери келбей коюшту. Ийгиликтүү болбой калды.
Эми мамлекеттик деңгээлде колго алынган, көрүнүктүү иш-аракет болсо жылына 50-100 адам болсо да күчтүүлөрдү тандап, чет өлкөдөгү эң күчтүү университеттерде окуусуна жардам берип, каржылап, кайра келгенде да өгөйлөбөй эми мөөнөт берели, Кыргызстанга пайдалуу иш кылгыла деп чогуу иштешсек пайдасы гана болор эле. Албетте аларды дароо төргө өткөзүү максат эмес. Бирок потенциалды колдонсо эмнеге болбойт?
Казакстан “Болашакты” Сингапурдун мисалынан алган экен. Ли Куан Ю Назарбаевге “сен жаштарга инвестиция жаса, жаштарыңды карыз алып болсо да күчтүү окуу жайларга окут, ошолор мамлекетиңди өзгөртөт" деген экен. Сингапур өзү ушундай жолго барган. Ошол балдары келип коррупциясыз мамлекетти курушкан.