Улуттук банктын маалыматында кыргызстандыктар мекенине которгон акча 2,5 млрд. долларды түзөт. Ал акча максаттуу жумшалбай жатканы буга чейин көп эле айтылып келген.
Ысык-Көлдө өткөн быйылкы “Мекендештер” форумунда ушул маселе козголду.
Эки жылда бир жолу өтүүчү форум быйыл төртүнчү ирет уюштурулду. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты. Бул иш-чара уюштурулгандан бери президент биринчи жолу барышы.
Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева сөз сүйлөп жатып, миграцияны туура башкарып, туура пайдалануу керек экенин белгиледи.
- Биздин абдан күчтүү кадрлар сыртта жүрүшөт. Алар "бизге ишенсеңер, шарт түзүп берсеңер Кыргызстанга келет элек" деп айтышат. "Кокус келсек, балдар кайсы мектепте окуйт, кандай айлык алабыз?" деп кабатыр болушат. Бул маселелерди биз чече албайбыз. Экономикабыз оор абалда. Бирок биз ошого баратабыз. Ошон үчүн тырмышып жүрөбүз.
Форумга 27 өлкөдөн 150дөн ашуун мекендешибиз келди. Мекендештердин чар тарапта жүргөнү трагедия эмес, бул азыркы көрүнүш. Алар технологияны, демократияны, өнүгүүнү үйрөнүп жатышат. Миграция - токтобогон агым. Болгону миграцияны туура башкарып, туура пайдаланыш керек, - деди Роза Отунбаева.
Форумда сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстандын аймактарына кошкон салымы тууралуу талкуу, диалог болду.
Анда президент Сооронбай Жээнбеков катышуучуларды өз мекенинде ишкердик кылууга чакырды. Ал Салык, Бажы кодекси өзгөрүп, жеңилдиктер киргенин айтты.
- Урматтуу мекендештер, азыр дүйнө жүзүндө өнүгүүнү камсыз кылган базалык техника эскирип, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Ар бир мамлекет өзүнүн келечектеги жолун издөөгө мажбур болууда. Кыргызстан да өнүгүү жолуп аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын сөзсүз эске алыш керек. Силердин омоктуу ойлоруңар, иштиктүү сунуштарыңар эске алынат. Дүйнөдөгү Кыргызстандын орду өзгөрдү, өлкөнүн кылган иш-аракети өзгөрдү, бул мекендештерди колдоо багытында мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл экенин көрсөттү. Мекендештер менен иштей турган кеңеш түзүү ниетим бар. Аны президентке караштуу кеңеш кылуу максатым бар, -деди президент.
Андан тышкары, ал коом тарыхый баалуулуктарды сактап, жетим-жесирге, кары-картаӊга кайрымдуу болушу абзел экенин өзгөчө белгиледи.
- Биздин коомдо кароосуз калган карыя, таштанды наристе болбошу керек. Өткөн тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын алдындагы жоопкерчилигибиз дайыма эсибизде болууга тийиш. Аймактарды өнүктүрүү - бул социалдык объектилерди жана жолдорду куруу гана эмес, руханий жактан өнүгүү, - деди Сооронбай Жээнбеков.
"Балдарыбыз тилди унутуп баратат"
Форумга келген мекендештердин көбү балдары, неберелери Кыргызстандан алыстап, эне тилин, маданиятын, ата-бабанын салтын унутуп калбаса экен деп тынчсызданаарын айтып жатышты. Ошол себептүү четтеги кыргыздарга жарандык берүүнү жеңилдетүү боюнча маселе козголду.
“Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул “Мекендештер” форумуна жыл сайын катышып, анын тилек-максаттарына ортоктош болгондордун бири. Ал Түркиядагыдай ар кандай жагдайда чет өлкөгө чыгып кеткен жарандарына колдонулчу “Көк карта” же “Мекен кардды” киргизүүнү сунуштап жатат.
- Мындай форумдун көбүнө катыштык, демдүүсү Роза Отунбаева уюштурган форум болуп жатат. Бул жыйынтыгын берет деген үмүттөбүз. Биз көп эле форумга катышабыз, мекендештер келип, мамлекеттин этегине ыйлап-ыйлап кайра кете беребиз. Андан майнап чыкпайт, үзүрүн көрбөй келебиз. Мамлекет уга турганын угат, эл укчусун угат, болбосо жок.
Мындан беш жыл мурда биринчи форумдун негизинде мыйзам кабыл алынган. Бирок ал жетиштүү иштебей калды. 2015-жылы өкмөт башчынын астында Мекендештер кеңеши уюштурулган. Бирок ал иштеген жок. Мен ошол кеңештин мүчөсү элем. Болгону бир гана жолу жолуктук. Кийин шайлоонун алдындагы бир жолугушууда "мамлекет колдоо көрсөтүшү керек" дегендей сөз болду. Мындай форумга биринчи жолу президент катышып жатат.
Эгер мамлекет башчы айткандай кеңеш түзүлүп калса, бизди аябай кубандырат. Бул аябай чоң демилге. Экинчиден, "мекен кард" системасын ишке ашыруу болуп жатат. Ал ишке ашып калса биздин сегиз жылдык эмгегибиздин, ар бир форумда сайрап жаткан үнүбүздүн жеткени болот эле.
“Мекен кард” - жарандыкты убактылуу токтотуп туруу системасы. Ал системага өткөндөр шайлануу жана шайлоо, мамлекеттик мекемелерде иштөө укугунан ажыратылат, калган жарандык укуктары сакталып калат. Бирок кайтып келсе, тоскоолдуксуз жарандыгын калыбына келтирсе болот.
Ал эми ишкер, Москвадагы курулуш компаниясынын жетекчиси Кубанычбек Осмонбеков Орусиянын ири шаарларына Экономика министрлигинин же Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин өкүлчүлүгүн ачууну сунуш кылды.
- Ар бир мигранттын өзү эле инвестор. Жылына 2,5 млрд. доллар каражат которулуп жатат, ошонун 95 пайызы Орусиядан келет. Эгер Экономика министрлигинин же агенттиктин өздөрүнүн ишкерлик долбоорлору, сунуштары болсо, биз да карап көрөт элек, орус өнөктөштөргө сунуш кылат элек. Андан сырткары салыкты азайтуу болобу, башка колдоо болобу, шарт түзүлсө, Кыргызстанга каражат сала турган мекендештер көп. Азыр деле Кыргызстанга келип иш баштап жатабыз, кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жок эмес. Мунун баарын жоюп, чечсе болот. Инвестицияны Орусиядан алып келгенибиз менен катардагы, Кыргызстандагы курулуш компанияларындай эле иштеп жатабыз. "Сыртта иштеген мекендештер экен" деген жеңилдик жок. Мындай айтсак угушпайт, ушундай форумдарда сөзүбүздү жеткирели деп келдик. Биз моралдык колдоого муктажбыз.
“Мекендештер” форумунда негизги темалардан болуп диаспоралардын мүмкүнчүлүктөрү жана миграциядагы кыз-келиндердин абалы тууралуу сөз болду. Расмий маалыматтар боюнча кыргызстандык эмгек мигранттарынын 40% аялдар түзөт.
Кыргызстандагы кооперативдер кеңешинин төрайымы, Оксфорд университетинин магистранты Назик Бейшеналы кыргыздын аң-сезимин балдарына өткөрүп берүүдө аялдардын эмгеги зор деп эсептейт.
- Жалпысынан алганда миграция саясаты - бул экономикалык платформаны түзүү (акча которуу, инвестиция, насыя маселелери), экинчиден кыргыздын аң-сезимин сактоо маселеси. Мисалы Роза Отунбаева форумда белгилегендей, Марокко мигранттары көп кеткен өлкөлөргө тилчи мугалимдерди жөнөтөт, алар ошол жактагы мектептерге барып сабак беришет. Үчүнчүсү - укуктук маселелерди чечүү, бул багытта келишимдерди түзүү сыяктуу институционалдык маселелер. Төртүнчүсү- бул багытта эл аралык уюмдар, коомчулук менен, ишкер чөйрө менен чогуу иштешүү. Ушуларды чогуу алып кетиш керек. Мында аялдар кыргыздын аң-сезимин балдарына өткөрүп берүүдө эң зор роль ойнойт. Анткени эне сүтү менен тил да, өздүк, улуттук аң-сезим да берилет экен. Мекендештердин көбү “жаш муундарды жоготуп жатабыз” деп айтып кетишти. Алар барган өлкөлөрдүн да ассимиляциялык саясаты болот да. Миграция өзү бейтарап эмес, кыймылдуу процесс. Кыргызстан эч кандай саясий куралдарды колдонбосо экинчи, үчүнчү муун кыргыз экенин унутуп да калышы мүмкүн. Бул процесс экономикага да чоң таасирин тийгизет. Акча которуу да азаят. Өлкө үчүн маанилүү, чоң ресурс жоголот. Кытайдан келген конок “миграция керек, биз жабык түрдө өнүгө албайбыз. Биз акча эле эмес, акыл инвестициясын да күтөбүз” деп айтып кетти. Кеп мигранттардын кайтып келгенинде эмес, кеп алар жашаган жеринде Кыргызстандын колун узартып турганында. Ал үчүн биздин өкмөт мигранттар салтты, тилди унутуп калбашы үчүн жакшы иштеш керек.
Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ал тиешелүү мекемелерге жөнөтүлмөй болду. Резолюцияга мекендештердин экономиканы өнүктүрүү, билим берүү, балдарды жаштайынан илимге кызыктыруу боюнча иш-аракеттерди баштоо, укуктук жардам берүү маселелерин чечүү, сыртта билим алгандардын билим тажрыйбасын алуу, элчилик, диаспоралардын кызмат көрсөтүүлөрү, бизнес долбоорлор боюнча маалыматтык база түзүү сыяктуу сунуш-пикирлер кошулду.
“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келген “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат.
Форум Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өттү. 9-августка чейин улана турган форумга 23 өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар, жалпысынан 300дөй адам катышаары айтылган. Буга чейин иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.