Бишкек шаарындагы “Kalipso” аквапаркында тамак-аштардын “ГурMania” деп аталган фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруп жаткан “Kyrgyz Organic” компаниясынын өкүлү Талгат Чынтөров билдирди.
Анын айтымында, жармаңкеде 15 ресторан өзүнүн фирмалык тамактарынын түрлөрүн жана 10 чакты дүкөн кондитердик азык-түлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Фестивалда негизинен майсыз жана шекерсиз, органикалык жактан таза оокаттар сунушталууда.
Иш-чаранын алкагында ар кандай сахналык көрүнүштөр, ток-шоу жана мастер-класстар да өтүп жатат. Кечки саат алтыда башталган фестиваль түнкү саат 12ге чейин уланат.
Ушул эле фестиваль 15-сентябрда аталган жайда өткөн. Ага 500дөй киши келген болчу. (ErN)