Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Оштогу ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт азыктарын экспорттойт


Таалайбек Сарыбашев “Келечек” комбинаты өндүргөн мөмө-жемиш азыктары менен таанышууда.
Таалайбек Сарыбашев “Келечек” комбинаты өндүргөн мөмө-жемиш азыктары менен таанышууда.

Ош шаарындагы “Келечек” комбинаты эт азыктарын Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоону пландай баштады. Бул тууралуу бирикменин иши менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин таанышуусу учурунда белгилүү болду.

“Келечек” акционердик коомунун президенти Мадамин Эргешовдун маалыматына караганда, ишкана аталган биримдиктин стандарттарына ылайыктуу өндүрүм чыгарыш үчүн өзүнүн техникалык базасын чыңдап жатат. Тагыраагы ал бир ай ичинде эл аралык талапка туура келе тургандай касапкананы ишке киргизет. Андан соң ишканада 30дан 50 тоннага чейин эт азыктары иштетилип, колбаса, консервалар жасалып чыга баштайт. Мал адал индустриянын эрежелерине ылайык союлуп, санитардык абалы ошого жараша сакталат.

Маалым болгондой, Оштогу “Келечек” заводу 2012-жылдан бери жер- жемиштерди, мөмөнү кайра иштеп чыгып, чет жакка таңгакталган жана консерваланган өндүрүм, шербет жана кыям сатып келет. Ишкана бул багытта беш миң тонналык мөмө жана жер-жемиш сактоочу логистикалык борборду курууну да ойлонууда.

Кыргызстанда буга чейин Кытайга жана Иранга эт экспорттоо тууралуу аракеттер болуп келген. Анын ичинен 12 ишкана Иранга азыраак эт ташыган.

Быйыл жыл башында Нарын облусундагы ишкерлер өкмөттүн аймактагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен кошо Түркияга эт сатуу боюнча Анкарада макулдашууга да жетишкен. Санитардык жана башка себептерден улам бул демилгелер толук ишке аша элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG