Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Боронов: ЖЭБде кыштагы абал кайталанбашы үчүн аракет кылып жатабыз


Кубатбек Боронов (ортодо).
Кубатбек Боронов (ортодо).

Өкмөт Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) быйыл кышта болгон кырсыктын кайталанбашына аракет кылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

- Тапшырма бердим. Кайсы бир тетик иштен чыгышы мүмкүн. Андай учурда аны алмаштырып, ага күч келтирбегендей кылып иштетүү маселелерин сүйлөштүк. Иши кылып элди үшүтпөөгө аракет кылабыз, - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында ЖЭБге барган.

Анда “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” жетекчиси Азамат Абдыкадыров ЖЭБде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жана капиталдык курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал жумуштар график менен жүрүп жатканын билдирди.

Кубатбек Боронов сууну химиялык туздан арылтуучу жаңы цехтин курулушун 2018-жылдын 1-октябрына чейин бүтүрүүнү тапшырган.

Кытай тараптан берилген 386 млн. доллардын 360 миллион 445 миңи Бишкек ЖЭБин модернизациялоого иштетилгени кабарланган. Макулдашууга ылайык, калган 25 миллион 554 миң доллардын 19 миллион 300 миң доллары кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөмү катары көрсөтүлгөн. Ал эми калдыктын 6 миллион долларына жаңы химиялык блок курулмай болгон. Муну да ЖЭБди модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырып жатат.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаардыктар катуу ызгаарда бир жума бою жылуулуксуз калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG