Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Путин АКШга барса Конгресс кабыл албайт


Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.

Бул тууралуу АКШ Конгрессинин лидерлери билдирүүдө. Алардын айтымында, эгер Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын сунушуна макул болуп, экинчи саммит үчүн Вашингтонго барып калса, ал Конгресске чакырылбайт.

Путинге эгер ал АКШга келсе, адатта чет элдик лидерлерге көргөзүлүүчү сыйдын бири – Конгрессте сүйлөөгө чакыруу боюнча эч план жок экенин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан, Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннел да билдирди.

Алар мындагы башкы жүйө катары "Орусия АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоосуна кийлигишкен" деген божомолдорду жүйө келтиришти.

Путин менен 16-июлда Хелсинкиде болгон жолугушуусун “ийгиликтүү” деп атаган Трамп орус президентин быйыл күзгө Вашингтонго чакырары өткөн аптада маалым болгон.

Буга байланыштуу 24-июлда Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков орус президенти Вашингтонго баруу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда Хелсинкидеги жолугушунун “чаңы тарашын” күтөрүн билдирген.

Путин менен Хелсинкиде өткөн басма сөз жыйынында, 16-июлда жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн Трампты өз мекенинде оппоненттери, өнөктөштөрү, медиа каражаттары кескин сындап чыгышкан. Эртеси ал айрым сөздөрүнө тактоо киргизип, Орусия 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын жамаатынын бүтүмүнө макул экенин, бирок анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG