Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Кытай: дүйнө "соода согушуна" каршы турат


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Бээжинде. 9-ноябрь, 2017-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Бээжинде. 9-ноябрь, 2017-жыл.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ “себепкер болгон” соода согушу глобалдык экономикага “чоң сокку” урду деп билдирди. Министрликтин басма сөз өкүлү шаршембидеги басма сөз жыйынында дүйнө өлкөлөрү буга каршы күрөшө турганын айтты.

Июнь айында АКШ менен Кытай бири-биринин 34 миллиард доллардык товарына жаңы бажы төлөмдөрүн киргизген. Вашингтон дагы 500 миллиард долларлык кытай товарларына салык салууну караштырып жатканын билдирсе, расмий Бээжин буга жооп кайтараарын эскерткен.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды "адилетсиз соода жүргүзүп жатат" деп айыптап, андан мындай саясатты өзгөртүүнү талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG