Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Түркияда 18 миң мамлекеттик кызматкер иштен алынды


Кайсери шаарындагы камоолор, 25-апрель 2017-жыл.
Кайсери шаарындагы камоолор, 25-апрель 2017-жыл.

Түркия бийлиги ар кайсы министрлик, ведомстволордогу 18 миңден ашуун кызматкерди иштен айдады. Бул тууралуу жекшембиде күчү мыйзамга барабар болгон өкмөттүн жарлыгында белгиленген.

Жарлык “Расмий гезитке” басылды. Иштен алынгандардын басымдуу бөлүгү (9-миңдейи) Коопсуздук боюнча башкы башкармалыктын кызматкери болгон. Мындан сырткары 200 академик ишсиз калды. Кызматтан айдалгандар мамлекеттик кызматкерге таандык болгон артыкчылыктардан кол жууйт жана алар мындан ары мамлекеттик түзүмдөрдө иштей албайт.

Түркияда 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери Түркиянын аймактарында Гүлендин кыймылына тиешеси бар деген негизде кеминде 110 миңден ашуун киши кызматтан четтетилди. Элүү миңдей киши камакка алынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG