Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Лейлек: Сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда


Баткен облусу, Лейлек району. 12-июнь, 2018-жыл.
Баткен облусу, Лейлек району. 12-июнь, 2018-жыл.

Баткен облусунун Лейлек районунда селден жабыркагандар үчүн Катраң айылынын Таш-Коргон аймагына он кишилик сегиз чатыр тигилип, гуманитардык жардам таратылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

9-10-11-июнда Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айылдарында катуу жаандан кийин сел жүргөн.

Лейлек району боюнча 16 үйдү суу каптаган. 120 үй-бүлөнүн жер тилкелерине, 27 чакырым ички чарбалык жолдорго, 5,7 чакырым арыктарга, суу түтүктөрүнө, 370 метр дамбага жана төрт электр мамысына зыян келтирилген. 25 кара мал селге агып кеткени кабарланды.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат. Селге байланыштуу 10-июнда Лейлек районуна“өзгөчө кырдаал” режими киргизилген. (NT)

XS
SM
MD
LG