Баткенде чек ара жаңжалдарынын алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу жагынан өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым өкүлү Абиш Халмурзаев эч кандай аракет көрбөй жатат. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, облустун башчысы ушул аптада кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан жерге барган эмес.
“Чатак чыккан соң өкмөттүн өкүлү ал жерге барган эмес. Өзүнүн өкүлүн жибериптир. Ал да окуя болгон жерге барбай, райондун борборунда жыйын өткөрүптүр”, - деди Тиллаев.
Депутат: “Облус жетекчилиги үчүн чек ара чатагынан артык кандай маанилүү иш болушу мүмкүн?” деп собол таштап, өкмөт жетекчилерин Халмурзаевге чара көрүүгө чакырды.
4-июнда кечке жуук Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. Окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтары эки ача билдирүү таратышты.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалга тажик чек арачыларынын агрессивдүү кадамы түрткү болгонун, алар макулдашыла элек линиядан өтүп кеткенин билдирген. Тажикстандын Чек ара кызматы болсо Кыргызстан жарыялаган версияларды четке кагып, "чатакты кыргыз тарап алдын ала даярдаган" деп кабарлады.
Ал эми 6-июнда кыргыз-тажик чек ара жетекчилери жолугушуу өткөрүп, чек арада ок атышпоо тууралуу протоколго кол койду. (BkA)