Дарыгерлер анын мээси чайкалып, бети-башы көгөргөнүн, денесинде күйүктүн издери бар экенин айтып жатышат. Милиция экспертизанын жыйынтыгын күтүп, окуя боюнча кылмыш ишин козгой элек. Алар наристенин бетинде "күйүктүн белгилери бар" деген маалыматты четке кагууда. Интернетте баланын бети, денеси көк ала болуп, башы таңылып турганы тартылган сүрөттөрү тарады.
Балыкчыда эки жашар наристе 27-майда сабалган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдиргендей, баланы таякесинин 33 жаштагы аялы шымына заара кылып койгону үчүн "тарбиялоо максатында" сабаганын моюнга алган. Наристени энеси эки ай мурда келинине таштап, өзү Караколго иштегени кеткен экен:
- 27-майда саат 23:30 чамасында Балыкчы шаарынын тургуну милицияга коңшусунун үйүндө кичинекей бала тынбай ыйлаганы угулуп жатканын кабарлаган. Аны коңшу келин уруп жатканын билдирген. Ыкчам топ барганда бул үйдө сабалган баладан тышкары 1985-жылы туулган келин төрт уулу менен жашап келгени белгилүү болду. Келиндин жолдошу жана кайнежеси мартта баланы ага таштап, Караколго ар кандай жалданма жумуштарда иштегени кетишкен.
Ташбоор ата-эне, ташталган бала
Ташбоор ата-эне, ташталган бала
Таажеңесинен запкы көргөн эки жашар наристе Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Аталган бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Айгүл Кыштобаеванын "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, баланын мээси чайкалып, бети-башы көгөргөн жана жүзүндө күйүктүн издери калган:
- Диагнозу - мээсинен жаракат алган, мээси чайкалган. Башында, бетинде көк ала тактар бар. Термикалык күйүк алган. Өтө оор абалда эмес, бирок сабалган. Денесинин баары көк ала. Учурда оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда.
Дарыгерлер наристенин бетине "чылымдын чогу басылган же ысык суу чачыраган" деп божомолдоп жатышат.
- Эмне болгонун так билбейбиз. Бетине ысык суу чачылганбы же тамекинин чогу басылганбы, так айта албайбыз. Биз атайын эле чылымдын чогу менен күйгүзүлгөн го деп ойлодук. Бул болжол да, - деди Айгүл Кыштобаева.
Облустук милиция башкармалыгынын өкүлү Сталбек Усубакунов болсо бул версияны четке какты:
- Баланын денесинде күйүктүн издери жок. Көк ала тактар байкалган. Экспертиза көк ала тактар эмне себептен пайда болгонун, наристенин ден соолугуна канчалык зыян тийгенин аныктап берет. Ошонун негизинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
Аты-жөнү ачык айтылбаган наристенин абалы канааттандырарлык. Милициянын маалыматына караганда, окуя боюнча азырынча кылмыш иши козголгон жок. Баланын энеси да расмий арыз жаза элек.
Аны сабаган келиндин кичинекей төрт баласы бар болгондуктан, камакка алынган эмес. Ички иштер органдары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин баланын саламаттыгы канчалык деңгээлде жабыр тартканы аныкталып, аны сабаган адамга укуктук баа берилээрин билдирүүдө.
Айта кетүүчү нерсе, милиция наристенин энеси келе электигин, ал Караколдун кайсы жеринде иштеп жүргөнү такталып жатканын маалымдады. Эгерде энеси арыз жазуудан баш тартса, кылмыш иши козголбой же иш ачылган күндө деле кыскартылып калышы ыктымал. Милиция баланын атасы каза болуп калганын, энеси былтыр Нарын облусунан Балыкчыга көчүп келгенин аныктады.
Унутта калган жоопкерчилик
Кыргызстанда жарандар бир жаштан беш жашка чейинки же андан улуу наристелерин чоң ата, чоң эне, таята, таене жана башка туугандарына калтырып, чет мамлекеттерге же өлкөнүн ичиндеги аймактарга иштегени кеткен учурлары миңдеп саналат. Коомдо ишенип таштап кеткен балдарды туугандары сабап, зомбулук көрсөтүп, анын арты өлүм менен аяктаган, майыптыкка жеткирген учурлар да бир топ.
Балыкчыдагы балдардын "Багыт" кризистик борборунун жетекчиси Тынар Абумуслимов наристелердин запкы тартышына ата-энелердин ушундай жоопкерчиликсиз мамилесин себеп катары көрөт:
- Запкы көргөн балдар негизинен башка аймактардан келген үй-бүлөлөрдүн балдары болуп чыгат. Булар да Балыкчыга Ак-Талаадан, эжеси Кочкордон келген экен. Жакын арада эле келгендер болуп атат. Келгенден кийин каттоого да турушпайт. Убактылуу батирлерде күн кечирет. Батирлери да бат алмашып турат.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр балдарга карата запкы-зомбулук 30 пайызга көбөйгөн. “Балдарды коргоо лигасы” коомдук фондунун башчысы, укук коргоочу Назгүл Турдубекова бул көйгөйлүү маселени ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү жана социалдык кызматкерлерди көбөйтүү аркылуу чечүүнү сунуш кылды:
- Кыргызстанда социалдык кызматкерлерди көбөйтүш керек. Азыр өлкөдө алар өтө аз. Балдарын ата-энесине, туугандарына, кимге болбосун таштап кеткендер социалдык кызматкерлерге канча убакытка кетип атканын, канча баласы бар экенин, аларды кимге табыштаганын айтып, маалымат берип кетиши зарыл. Социалдык кызматкерлер балдарды ата-энеси таштап кеткен туугандарына алардын милдеттери тууралуу маалымат беришет, эмнеге милдеттүү экенин айтышат. Кыскасы, аларды балдарды кароого милдеттендирет. Ошондо гана баланы калтырып кеткен туугандары аларга жооптуу экенин сезип, жоопкерчиликтүү мамиле кылат деп ойлойм.
Бишкекте 2015-жылы да эки жашар наристени атасы ишенип таштап кеткен туугандары катуу сабап, ал эс-учун билбеген абалда ооруканага түшкөнү коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Жакындарынын зөөкүрдүгүнөн улам ал быйыл бешке чыкса да баса албай, шал оорусуна чалдыгып, жардамга муктаж болууда.
Ошол эле жылы күзүндө Өзгөндө ата-энеси ажырашып жүргөн эки жашар кыз таажездесинин аеосуз соккусунан чарчап калган. Наристелердин мындай аянычтуу тагдырлары андан кийин да бир нече жолу кайталанды.
Укук коргоочулардын баамында, балдарга катаал мамиле кылып өлүмгө же майыптыкка дуушар кылгандар кылмыш жообуна тартылганы менен мындай окуялар ачыкка чыккан кезде гана коомчулуктун көңүлүн бурат. Көп өтпөй унутулуп, алдын алуу иш-аракеттери жүргүзүлбөй калып жатат.