Өлкөдө соңку жылдары балдарга карата ырайымсыз көрүнүштөр байма-бай катталууда. Адистер көп учурда балдарга жасалган зордук-зомбулук көз жаздымда каларын айтып келишет. "Азаттык" өз архивин казып, балдарга байланыштуу бир-эки жыл аралыгында даярдалган материалдарын иргеди.
Күбөлүксүз балдар
Кыргызстанда ымыркайлардан тартып, мектеп жашына чейинки 210 миң баланын идентификациялык номери жок.
Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун "Азаттыкка" билдиришинче, булардын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктор да бар, бирок алардын так саны белгисиз.
"Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси 2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы менен кошо 106 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн калыбына келтирген, 45 бала мектепке кирген.
Жолдо кыйылган жаш өмүрлөр
2018-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандын аймагында 1580 жол кырсыгы катталып, анын 331 учуруна балдар катышкан.
Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, жолдогу каргашадан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар. Ал эми жол кырсыктарынан жалпы 2261 адам жабыркаса, алардын 360ын жашы жете электер түзгөн.
Жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомунда Кыргызстанда акыркы беш жылда балдар кабылган 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталганы айтылган. Анда жалпысынан 582 бала каза болгон. Андан бери дагы 8 миң 294 бала ар кандай жараат алган.
"Азаттыктын" архиви: Активисттер жол кырсыгына каршы козголду 26-апрель, 2017-жыл
Көчөдөн башталган өмүр
Учурда Кыргызстандагы интернаттарда 11 миң 422 бала тарбияланат, булардын 5% гана томолой, калганы тирүүлөй жетим. Иликтөөгө ылайык, тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө турмуш-шарттын оордугу себеп болууда.
Азыркы мезгилде Кыргызстанда канча ымыркай ташталганы тууралуу так маалымат жок. Өлкө боюнча төрөлгөндөн төрт жашка чейинки көчөдө калган наристелер үчүн үч гана адистештирилген балдар үйү иштейт. Алардын бири - Бишкекте, экинчиси Токмок шаарында, үчүнчүсү Ошто жайгашкан.
Былтыр ташталган ымыркайлардын аянычтуу тагдырлары атайын кутуларды же "бэби боксторду" ачуу демилгесин көтөрүүгө түрткөн. Аны коомдун бир бөлүгү колдосо, айрымдар "жаштар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбей калышат" деп четке кагып, ал сөз бойдон калган болчу.
"Азаттыктын" архиви: Таштанды балдар. 2017-жыл
Педофилиянын курмандыктары
Расмий маалыматтар боюнча соңку жылдары балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйгөн.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2017-жылы жашы жете элек балдарга карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев Бишкек шаарында эле жыл башынан бери кыздар өгөй атасынын зомбулугуна кабылган үч факт катталып, иш сотко өткөнүн "Азаттыкка" билдирген.
- Үчөө тең Бишкек шаарында болуп жатат. Жыныстык зомбулукка туш болгон кыздардын бирөө 7, экинчиси 11, үчүнчүсү 15 жашта. Аларга карата зомбулук, ыплас аракеттер өгөй атасы тарабынан болуп жатат. Кээ бирөөнү карасак эки жыл, башкасы 10 жыл жашап коюптур. Улуу кызы башка күйөөдөн болуп, кийин дагы балалуу болгондору бар. Бирок өгөй атасы кылган ушундай аракеттер кездешип жатат.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүндө жашы жете электерди зордуктоого каршы чаралар жазылган. Бул оор кылмыштын катарына кирет жана 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланары көрсөтүлгөн.
Жогорку Соттун басма сөз кызматынын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Кыргызстанда 2017-жылы жашы жете электерге жыныстык запкы көрсөткөн 57 жаран камалган.
Бирок жергиликтүү элдин менталитетинен улам көбүнчө “жабылуу аяк жабылуу бойдон калып”, ишти сотко жеткирбей тараптар ич ара чечишип алган учурлар көп экенин күч органдары белгилеп келишет. Эл аралык тажрыйбада "өз ара келишип алуу" деген түшүнүк жок.
Психологдор зомбулуктун курмандыгы болгон балдар келечектен үмүт үзүп, өзүн жектеп, коомдон бөлүнүп, түнт тартып кетерин белгилешет.
"Азаттыктын" архиви: Атам мени зордуктаган.
Миграциянын балдарга тийген кесепети
Адистер эмгек миграциясынан балдар эң көп жабыр тартарын белгилешет. Ата-энеси менен миграцияга бирге чыккан балдар чет жакта толук билим ала албай, дискриминация менен эмгек эксплуатациясына кабылса, тааныш-туугандары камкордукка алган балдар көп учурда кароосуз калып, зордук-зомбулукка дуушар болуп, психологиялык жактан жабыр тартышат.
Бишкекте 2015-жылы да эки жашар наристени атасы ишенип таштап кеткен туугандары катуу сабап, ал эс-учун билбеген абалда ооруканага түшкөнү коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Жакындарынын зөөкүрдүгүнөн улам ал быйыл бешке чыкса да баса албай, шал оорусуна чалдыгып, жардамга муктаж болууда.
Ошол эле жылы күзүндө Өзгөндө ата-энеси ажырашып жүргөн эки жашар кыз тайжездесинин аёосуз соккусунан чарчап калган. Наристелердин мындай аянычтуу тагдырлары андан кийин да бир нече жолу кайталанды.
Укук коргоочулардын баамында, балдарга катаал мамиле кылып өлүмгө же майыптыкка дуушар кылгандар кылмыш жообуна тартылганы менен мындай окуялар ачыкка чыккан кезде гана коомчулуктун көңүлүн бурат. Көп өтпөй унутулуп, алдын алуу иш-аракеттери жүргүзүлбөй калып жатат.
"Азаттыктын" архиви: Айганыштын аянычтуу өлүмү. 2016-жыл
Эрте нике, эрте төрөт
Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын Кыргызстанда миңдей өспүрүм курактагы кыз көз жарат.
"Азаттыктын" архиви: Сексуалдык сабатсыздыктын кесепети
Коомдук активист Айканыш Эралиеванын айтымында, өспүрүмдөргө сексуалдык тарбия жетиштүү эмес.
- Бардык мектептерге мамлекеттик деңгээлде программа киргизилиши мүмкүн. Бирок бул жөнүндө бардык эле мугалимдер айтып берүүгө даяр эмес. Бул баягы эле тартынуунун айынан экени түшүнүктүү. Программа эки эмес, беш жылда да иштери күмөн. Анткени стандарттуу сексуалдык сабаттуулук тууралуу түшүнүк жок, милдеттүү түрдө окутушпайт. Мисалы, баланын математика сабагын өздөштүргөнүн кантип билсек болот? Биринчи классты аяктаган соң окуп, жазып, эсеп чыгарып калышы керек. Сексуалдык сабаттуулук жөнүндө болсо адамдын үйрөнүп-үйрөнбөгөнүн эч качан биле албайбыз.
"Азаттыктын" архиви: Эрте төрөттүн жүгү оор. 2017-жыл
Майып балдар, кечиккен айлык
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны отуз миңге чукул. Алардын ичинен оор абалда, 24 саат бою кароого муктаж балдар алты миңдин тегерегинде.
Аларды баккан энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей жатат.
Улуттук статистикалык комитетинин эсебинде, өлкөдө минималдык жашоо өлчөмү 4,9 миң сомду түзөт.
Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова буга чейин майып баласын багыш үчүн 6 миң ата-энеге айлык акы төлөп бериш үчүн орто эсеп менен жылына 400 млн. сом керек болорун айткан.
Суицид
Кыргызстанда ажалга азгырылып, өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, 2017-жылдын тогуз айында өлкөдө балдар арасында 96 суицид катталган.
Балдардын укугун коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекованын айтымында, суицидге бир нече себептер түрткү болушу мүмкүн:
- Мектепте балдарды басмырлоо көп болуп жатат. Бир жагынан теңтуштары, экинчиден, мектеп жетекчилиги, мугалимдер тарабынан кодулоого кабылышат. Агрессивдүү мамиле балдардын өз өмүрүнө кол салышына алып келүүдө. Андан тышкары балдар жалгыз, кароосуз калып жатат, ыдык көрүп, зомбулукка кабылганда да ошондой жолго барышы мүмкүн. Психикалык жактан оорулуу же мүнөзү жумшак болсо да асынып же башкача жол менен өзүн өлтүрүүгө барат.
"Азаттыктын" архиви: Өз жанын кыйган өспүрүмдөр. 2017-жыл
Кылмышты болтурбоо үчүн шарт керек
Акыйкатчы институтунун маалымдашынча, учурда бардык облустарда балдарды кармоочу тергөө изоляторлору салынган эмес.
“Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” деп аталган баяндамада Кыргызстандын “Бала жөнүндө” кодексинде ювеналдык юстициянын бир талабы катары өспүрүмдөр үчүн атайын сот болушу зарыл экени айтылган. Бирок өлкөдө балдар үчүн бир да балдар соту ишке киришкен эмес. Ал эми жалпы соттордо балдарга байланыштуу иштер айлап-жылдап каралып, анын айынан көп балдар убактылуу кармоочу жайда узак убакыт отурушат.
Маселен, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №14 түзөтүү колониясындагы иштерди иликтей келгенде сот процессинин убагында балдар жабык мекемелерде бир жылга чейин, айрым учурларда андан да узак убакытка жатып калары аныкталган. Буга соттун создуктурулуп каралганы себеп болгон. Иштердин 42% бөлүгүндө гана баланын кармалганы жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө анын ата-энесине маалымдалган. Ошондой эле кармалгандардын 36% жактоочу берилген эмес.
Документте белгиленгендей, тергөө изоляторлорунда балдарга окуусун улантууга шарт жок. Натыйжада жашы жете электер адистештирилген билим ала албай, турмушта өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, андан ары өсүшүнө кедергисин тийгизет. Бул келечекте бул жерге түшкөн жеткинчектер кылмыш дүйнөсүнө жакындашуусуна кайрадан шарт жаратып берээри айтылган.