Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Акылбек Жапаров: Азыркы президентти ЖЭБдеги кырсыкка аралаштырбайлы (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров парламентте Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны модернизациялоону териштирүү учурунда сөз сүйлөп жатып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун атын кырсыкка аралаштырбай эле коюуну суранды:

- Бала кезден бери эле биз самоор жагарда "самоордо суу барбы же жокпу" деп карап, суу толтура болгондон кийин анан от жагабыз да? Ушуну жасабай койгонбуз. Ушул боюнча жоопкерчиликти тартыш керек. Сууну карап койбой, от жага берип, аягында авария болду. Ошондуктан азыр иштеп жаткан президентти да аралаштырбайлы. Буга жооп бере тургандар - ТЭЦтин жетекчилери, анын кызматкерлери жана Энергетика министрлиги, - деди Акылбек Жапаров.

Ал депутаттарды бирин бири күнөөлөөдөн алыс болууга чакырып, андай укукка соттор гана ээ экендигин кошумчалады. Эл өкүлү бул маселе боюнча иш 1-сентябрга чейин сотко өтпөсө, элдин бийликке болгон ишеничи төмөндөй турганын айтты. Жапаров карызды төлөөгө атайын эсеп ачуу боюнча демилге көтөрүп, бирок карызды өкмөттөн башка эч ким төлөбөй турганын белгиледи. (KR)

XS
SM
MD
LG