Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Бишкекте “Биз тумчугуп баратабыз!” акциясы өтүп жатат


Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.
Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.

Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү, экологдор бак-дарактарды кыюуга каршы “Биз тумчугуп баратабыз!” аттуу акция өткөрүп жатышат.

Акцияга чыккан 20дай адам тал-теректерди кыюуну токтотууну, абанын булганышынын алдын алууну, шаарды таштандыларды тазалоону, Бишкектин архитектуралык жана инфраструктуралык келбетин бузбоону талап кылып Бишкек мэриясынын алдына чыкты. Бул тууралуу акцияны уюштуруп жаткан “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Александр Толмачев “Азаттыкка” кабарлады. Азырынча мэриядан бирөө чыгып, активисттердин талабын уга элек.

Ушундай эле аталыштагы жүрүш апрелде да өткөн. Ага катышкан активисттер жана укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго кайрылып, өз талаптарын аткарууну суранышкан.

Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3 миңге жакын бак-дарак кыйылган. Экологдор буга чейин Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе көп экенин айтып чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG