Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Москвадагы “Эркин интернет үчүн” митингинде 30дай адам кармалды


Сахаров проспектиси, 13-май, 2018-жыл
Сахаров проспектиси, 13-май, 2018-жыл

Укук коргоо органдары Москванын Сахаров проспектисинде “Эркин интернет үчүн” урааны менен өтүп жаткан митингдин 30дай катышуучусун кармады. Бул тууралуу “Левый фронт” кыймылынын координатору Сергей Удальцов билдирди.

Оппозиционердин “Интерфакс” агенттигине айтканына караганда, полиция аларды митингдин буга чейин айтылган мазмунуна туура келбеген саясий ураандарды чакырып жатканы үчүн кармап жатабыз деп билдирген.

Орусияда “Телеграм” мессенжеринин жабылышына жана интернет эркиндигинин чектелүүсүнө каршы өткөрүлүп жаткан “Эркин интернет үчүн” митинги бийлик менен макулдашылган.

Полициянын кабарлашынча, акцияга 1000дей адам катышып жатат, уюштуруучулар болсо, митинг башталганда эле эки миңдей адам чогулганын, эл дагы келип жатканын билдирди.

Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде “Телеграмды” Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. “Телеграмды” колдогон акциялар Орусияда ошондон бери утур-утур болуп келе жатат.

XS
SM
MD
LG