Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Исаков: ЖЭБдеги аварияга Сооронбай Жээнбеков да жооптуу


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

КСДП партиясы 11-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан чуу боюнча комментарийин таратты.

Анда Исаков "парламенттеги кечээги талкуу - элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" деп билдирген. ​Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооп бериши керек деп эсептейт.

- Мен билип туруп эле авария учурунда Сооронбай Шариповичти коргодум. Көбү ал мезгилде үн каткан эмес. Бишкектиктер тоңуп отурду, ал эми ЖЭБди кышка даярдагандар унчукпай, күнөөнү бири-бирине оодарышты. Менин өкмөтүм күздө келди, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым. Депутаттар "Сооронбай Шариповичтин мезгилинде жүз миллиондогон сом жумшалган ЖЭБди ремонттоо учурунда эски жабдуу эмнеге оңдолгон эмес?" деген суроону да иликтеши керек эле. Буга комиссиянын жообу жок, - деген Исаков ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун депутат Кожобек Рыспаев менен байланыштырып жатышканын белгилеген.

Мындан тышкары ал ЖЭБди реконструкциялаш үчүн Кытайдан 386 миллион доллар алуу тууралуу келишим түзүлгөнү боюнча ишкананы ошол учурда башкарган директорлорунан тартып, "Улуттук энергохолдинг" жана анын түзүмдөрүнүн жетекчилери, министр, премьер-министр, ошол убактагы спикер, Жогорку Кеңештин үч комитетинин төрагалары жооп бериши керек экенин, тактап айтканда Андрей Воропаев, Айбек Калиевден тартып Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, экс-спикер Асылбек Жээнбеков жооп бериши керек экенин айткан.

10-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.​

Анда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлгөн.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар.

Депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо кийинки аптада уланат.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн айткан.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева буга "расмий жооп кайтарылбай турганын, бирок - Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жоктугун" кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG