Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Самаковдун тарапкерлери аны актоону талап кылып жатышат


Бишкек шаардык сотунун алдындагы митинг. 10-май, 2018-жыл.
Бишкек шаардык сотунун алдындагы митинг. 10-май, 2018-жыл.

Бишкек шаардык сотунда парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши каралып жатат. Соттун имаратынын сыртында Самаковдун тарапкерлери акцияга чыгып, аны актоону талап кылып жатышат.

"Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдиргендей, чогулгандар "Карганбек Самаков акталсын!", "Талабыбыз - акыйкат чечим!", "Соттор, Кудайдан корккула!" деген жазууларды көтөрүп турушат. Акцияга чыккандардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков Самаковдун күнөөсүз экенин айтып, "ага карата шашылыш түрдө айыптоочу өкүм чыгышы ыктымал" деген пикирин ортого салды. Катышуучулар бүгүн Самаковду колдоп 300-500 киши чыкканын билдиришти.

"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айыппул салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган.

Айыптоочу тарап далилдер жетиштүү экенин айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG