Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун жетекчилери келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясынын президенти Франческо Рокка, баш катчысы Элхадж Ас Сы жана вице-президенти Керем Кыныктар Кыргызстанга биринчи жолу расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү кабарлады.

Эл аралык гуманитардык уюмдун жетекчилиги 30-апрель 1-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахметов менен жолугат.

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдору табигый жана техногендик кырсыктар болгон аймактарда, согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөрдө гуманитардык жана саламаттык сактоо боюнча иш алып барат.

Бул уюмдар 15 жыл ичинде Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар учурунда 14 тонналык жардам көрсөткөн, айылдык үй-бүлөлүк медициналык борборлорго 1,6 млрд. долларлык медикаменттерди тапшырган. Мындан башка карыларга, аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө жана майыптарга миллиондогон суммалык гуманитардык көмөк кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG