Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Коррупцияга шектүү Кумашов иштен бошотулуп, ордуна Чекирбаев дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов коррупцияга шектүү катары кармалганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул боюнча буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Өкмөт башчынын башка буйругу менен дароо эле бул орунга Замирбек Чекирбаев дайындалды. Чекирбаев мекеменин санариптик өнүктүрүү тармагына жооп берет.

Кумашов бүгүн эртең менен “Полларис” жана “Интеррустрейд” фирмаларына байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

Буга чейин УКМК Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлаган. Ага ылайык, жасалма документтер менен өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткен. Бул кылмыш боюнча беш салык кызматкери жана "Полларис", "Интеррустрейд" деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG