Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Айдаркен комбинатынын шахтасы жана фабрикасы иштей баштады


Айдаркен сымап комбинатынын кен байытуучу фабрикасынын мунарасы.
Айдаркен сымап комбинатынын кен байытуучу фабрикасынын мунарасы.

Баткенде дээрлик 10 жыл токтоп турган Айдаркен сымап комбинатынын шахтасы жана кен байытуучу фабрикасы кайрадан иштей баштады.

2009-жылы комбинаттын шахтасын суу каптап, кен казуу токтогон.

660 метр тереңдиктеги шахта суусу сордурулуп, кенди алып чыгууга мүмкүнчүлүк ачылды.

2017-жылы кыргызстандык “Северстайл” компаниясы сымап комбинатын иштетүүгө бел байлап, инвестор болгон.

Комбинат жетекчиси Толубай Салиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ушул айдын соңуна даяр продукция түрүндө сымап, апрель айынын орто ченине сурма даярдалып чыгарылат.

Ал эми жыл соңуна 140 миллион сомдук даяр продукция берилгени жатат.

Адистер шахтада 30 жылга жетчү сымап менен сурма запасы бар экенин айтууда.

Айдаркен сымап комбинаты Кыргызстанга Украинадан шашылыш түрдө 1941-жылы көчүрүлүп келген. Алгач металл эритүүчү мештер ачык асман астында ишин баштап, кийин дүйнөдөгү сымап өндүрүүчү ири комбинатка айланган. (MdN)

XS
SM
MD
LG