Казакстан оор кылмышка шектүү кыргыз жана түрк жаранын Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.
Казакстандын Атырау облусунда кармалган кыргызстандык аял жана түркиялык эркек жаран 16-мартта Бишкектеги №1 Тергөө абагына камалды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмышка шектүү аял түркиялык жаран менен сүйлөшүп алып өз бир тууганын зөөкүрлүк менен өлтүргөн. Ал адамдын сөөгү 2017-жылы сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Көл-Кечүү айылынан табылган.
Шектүүлөргө Интерпол аркылуу издөө жарыяланган. (RK)