Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз ташылган 24 тонна күйүүчү май кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусундагы Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик менен Тажикстанга киргизилип бараткан жеринен 24 тонна күйүүчү майды кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, күйүүчү майды Тажикстандын эки жараны көзөмөл-өткөрүү бекетинен тышкары жерден алып өтүүгө аракет кылган.

Кармалган тажик жарандарына мамлекеттик чек ара режимин бузганы үчүн айыппул салынып, ал эми күйүүчү май Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүгүнө өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташылып жатканы жөнүндө буга чейин да айтылып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG