Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Путин Сочи оюндарынын ачылышында учакты атып түшүрүүгө буйрук берген


Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сочи шаарындагы олимпиадалык стадиондо. 7.02.2014
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сочи шаарындагы олимпиадалык стадиондо. 7.02.2014

Орусиянын президенти Владимир Путин 2014-жылы алгачкы алынган маалымат боюнча бортунда «бомба бар» делген жүргүнчү учакты атып түшүрүүгө буйрук берген. Бул тууралуу “Путин” аттуу даректүү тасманын үзүндүсүндө айтыларын “Рейтер” агенттиги жазды. Жекшембиде документалдуу тасма орусиялык социалдык сайттарга чыкты.

Тасмада президент Путин журналист Андрей Кондрашовго 2014-жылдын 7-февралында Сочидеги кышкы Олимпиада жуп ачылар алдында коопсуздук кызматынын офицери телефон чалганын баяндайт.

Президентке Харьковдон Стамбулга бараткан учакта бирөөлөр бортто бомба бар экенин айтып, учактын Сочи шаарына конушун талап кылганын маалымдашкан. Түрктөрдүн "Pegasus" авиакомпаниясынын "Boeing 737-800" лайнеринин учкучтары жүргүнчүлөрдүн биринде бомба бар экенин билдиришкен. Учакта 110 жүргүнчү болсо, Сочидеги Олимпиада стадионуна 40 миң киши кышкы оюндардын ачылыш аземин көрүүгө чогулушкан.

Путин мындай чукул кабарды алаар замат коопсуздук боюнча атайын адистерден кеңеш сураганы тасмада баяндалат. Кеңешчилер мындай кырдаалда учакка сокку уруу каралганын айтышкан. Президент болсо “План боюнча аракеттенгиле” деп тапшырма берет.

Өзү болсо шаардык стадионго Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен келет. Бир нече мүнөттөн кийин телефон шыңгырап, "учакты жардырам" деген жүргүнчү мас экенин, учак өз багыты менен кеткенин кабарлашат. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 11-мартта бул окуя чын эле болгонун ырастаган.

18-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. 14-июнда башталчу Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты утурлай Орусияда коопсуздук чаралары күчөтүлө баштады.

XS
SM
MD
LG