Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Эл аралык террордук даярдыктан өтүп келген киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кармалган киши Кыргызстанда террордук аракеттерди көрүүгө даярданып жүргөнү аныкталды. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди:

- Ал эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы боюнча колго жасалган жардыруучу заттарды пайдалануу менен өлкө аймагында теракт жасоого даярданып жүргөнү аныкталды. Шектүүгө Кылмыш кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгү ("Каражаттарды же куралдарды атайын издөө же атайылап ылайыктоо, кылмыш кылыш үчүн макулдашуу же кылмыш кылууга башка атайылап жасалган шарттарды түзүү, кылмышка даярдануу"), 226-беренеси ("Терроризм") жана 299-беренеси ("Улуттук, расалык диний же аймак аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу шектүүнүн тек-жайы азырынча айтыла элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш майданында 92 кыргызстандык өлтүрүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алар мурдагы жылдары кеткенин, соңку жылдары согуш талаасына баргандар дээрлик катталбаганын маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG