Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматтан кетти


Президенттик администрация.
Президенттик администрация.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Марат Төрөбеков кызматынан бошотулду. Бул буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргени боюнча, Марат Төрөбеков өз арызы менен кызматынан кеткен.

2017- жылдын 18-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев кызматтан алынган. Андан бери бул кызматка эч ким дайындала элек.

Коопсуздук кеңеши 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Коргоо кеңеши болуп өзгөргөн. Былтыр жаңы Конституция кабыл алынганда кайра Коопсуздук кеңеши болуп аты алмашкан.

"Коопсуздук кеңеши жөнүндө" жаңы мыйзам 2017-жылдын май айында кабыл алынган. Документке ылайык, президент кеңештин төрагасы болуп эсептелет жана ал катчыны дайындап, иштен алат.

Улуттук коопсуздукка байланыштуу маселелер боюнча кеңеш жылына кеминде эки жолу чогулуп турат жана керек учурда кезексиз жыйындар да өтүшү мүмкүн. (TSh)

XS
SM
MD
LG