Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Түркия, Орусия, Иран апрелде Сирия боюнча саммит өткөрөт


Cириянын президенти Башар Асад Дамаскта журналисттердин суроолоуна жооп берүүдө. 4-март, 2018-жыл.
Cириянын президенти Башар Асад Дамаскта журналисттердин суроолоуна жооп берүүдө. 4-март, 2018-жыл.

Түркия, Орусия жана Иран эмки айда Сириядагы кырдаалды жана аймактагы абалды талкуулай турганын Түркиянын тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Хамид Аксой 6-мартта билдирди. Ал саммит кайда өтөөрүн айткан жок. Орусия менен Иран маалыматты ырастай элек.

Анкарадагы басма сөз жыйынында Аксой Түркия сириялык күрттөргө курал-жарак бербөөнү Вашингтондон суранарын айтты. АКШ менен Түркиянын расмий өкүлдөрү 8-9-мартта Вашингтондо кездешет.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кийинки аптада Москвага, андан соң Вашингтонго барары белгилүү болду. Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушат.

Тышкы иштер мекемесинин өкүлү мындан тышкары Чавушоглу Германияга барганда сириялык күрттөрдүн мурдагы лидери Сализ Муслимге байланыштуу маселени да коёрун кошумчалады. Түрк бийлигинин Муслимди өткөрүп берүү өтүнүчүнө карабай, өткөн аптада Чехиянын соту аны камактан чыгарган.

XS
SM
MD
LG