Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги соңку ротация коллегиянын жыл жыйынтыгы боюнча отурумунун чечимине ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:
- Бизде коллегиянын жыйынтыгы боюнча пландуу түрдө ротация болуп жатат. Бул жылыга болчу көрүнүш. Мындай орун алмаштыруу Коррупцияга каршы кызматта (АКС) эле эмес, башка башкармалыктарда да болуп жатат.
Кечээ айрым маалымат каражаттары президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде айткан сөзүнөн кийин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында 20га жакын жетекчи кызматкер иштен алынганын жазып чыгышкан.
Ага чейин аталган кызматтын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев иштен кеткен. Ал өзү арыз жазганы кабарланган.
8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы кызматтын иши кайра каралып чыгарын жана анын ар бир кызматкеринин иши талданарын айткан.
Президент АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөнүн, бирок анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калышканын айткан. (BkA)