Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Тажик "ханзаадасына" тактыга жол ачылды


Президент Рахмон уулу Рустам менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Президент Рахмон уулу Рустам менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Тажик президентинин уулу Рустам Рахмонго президенттикке шайланууга эми чындап жол ачылды десе болчудай. Референдум аркылуу кабыл алынган тийиштүү өзгөртүүнү тажик парламенти Мажлиси намояндагон 7-февралда колдоду.

Тажикстанда 2016-жылы конституциялык референдум өткөн. Анда киргизилген 40 өзгөртүүнүн экөөнө өзгөчө маани берилген.

Биринчиси - "улут лидери" статусун алган, азыркы президент Эмомали Рахмонго өлкө башчылыгына чексиз шайланууга укук берилген.

Экинчиси - президенттикке талапкер болчу адамдын курагы жашартылган. Тагыраагы, эми 30 жашка чыккан киши Тажикстандын президенттигине шайлана алат. Мурда бул чек 35 жаш болчу.

Референдумга эки жылга аяк басканына карабай, ал эки өзгөртүүнү парламенттин төмөнкү палатасы «Тажикстандын президентин шайлоо тууралуу» мыйзамга эми, 7-февралда киргизди.

Аны менен президенттин тун уулу Рустам Эмомали 2020-жылы өлкө башчылыгына талапкер болот окшойт деген пикирлер кайра күчөдү. Анын үстүнө эки ай мурда Рустам отузга толду.

Бирок «Азаттыктын» тажик кызматынын журналисти Тохир Сафаров буга бийлик тараптан бир жаңсыл жооп боло элек дейт:

- Азырынча эч ким ал тууралуу эч нерсе дей элек. Президент Эмомали Рахмон 2020-жылдагы шайлоо тууралуу эч качан ооз ачкан жок. Рустам Эмомали да журналисттер менен маектеше бербейт. Бирок көп талдоочулардын пикиринде, түзөтүүлөр президенттин уулу президенттик шайлоодо талапкерлигин коё аларына мүмкүнчүлүк түзүш үчүн киргизилген.

Ата-бала.
Ата-бала.

Эмомали Рахмон 65 жашта. Ал 1992-жылдан бери өлкөнү башкарып келатат. Эки жылдан кийин чексиз мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, балким кайра өзү шайлоого барышы да мүмкүн.

Уулу Рустам бир жылдан бери башкалаа Дүйшөмбү шаарынын мэри. Андан мурда Каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш агенттигин, Бажы кызматын жетектеген.

Демек ал үчүн мындан аркы эң жогорку кызмат катары премьер-министрлик же президенттик калгандай. "Бийликтин атадан балага өтүшү ыктымал экендигин эл, саясий чөйрө кандай кабыл алды?" деген суроомо Тохир Сафаровдун жообу:

- Тажикстан Кыргызстандан кескин айырмаланат. Ошон үчүн кандайдыр реакция болуп, оппозициялык партиялар пикирин билдирип, "парламент эмнеге бир добуштан колдоду муну" деп сындагандар жок. Анткени бизде оппозициянын өзү жок. Сынчылар да, парламенттегилер да олуттуу бир нерсе айткандан коркушат.

Кытай лидери Си Цзинь Пин жубайы менен жана Рахмон үй-бүлөсү менен.
Кытай лидери Си Цзинь Пин жубайы менен жана Рахмон үй-бүлөсү менен.

Президент Рахмондун тогуз уул-кызы бар. Тун кызы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин администрациясын жетектейт.

Дагы бир кызы Рухшон Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде Эл аралык байланыштар башкармалыгынын орун басары.

Кыздарынын бири 24 жаштагы Зарина Рахмон былтыр өлкөдөгү ири банктардын бири "Ориёнбанктын" төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG