Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Трамп Орусия менен Кытайды “атаандаштар” деп мүнөздөдү


Доналд Трамп Конгрессте кайрылуу жасаган учур. Вашингтон, 30-январь, 2018-жыл.
Доналд Трамп Конгрессте кайрылуу жасаган учур. Вашингтон, 30-январь, 2018-жыл.

АКШнын президенти мындай пикирин бул жолу Конгресстеги жылдык кайрылуусун окуп жатканда билдирди.

Трамптын 80 мүнөттөй сөзүнүн басымдуу бөлүгү инфраструктураны кайра куруу, иммиграция саясатын реформалоо сыяктуу АКШнын ички маселелерине арналды.

Ал эми тышкы саясат маселелерине келгенде ал Кытай менен Орусияны АКШнын “кызыкчылыктарына, экономикасына, баалуулуктарына чакырык таштаган атаандаштар” катары мүнөздөдү.

Кошмо Штаттарга террористтик топтор, “карасанатай режимдер” да коркунуч келтирерин эске салган Трамп коргонуунун эң жакшы жолу – мыкты күч экенин белгиледи.

Трамп ошондой эле Конгрессти коргонуу тармагына жана армияга жумшалуучу каражатты кыскартууну токтотууну суранды.

Кытай менен Орусия АКШ үчүн “атаандаш державалар”катары өткөн айда улуттук коопсуздук боюнча президент Трамп өзү жарыялаган стратегияда да көргөзүлгөн болчу.

Орусия президент Путин анда Вашингтондун жаңы стратегиясын “агрессивдүү" деп сынга алган. (UE)

XS
SM
MD
LG