Былтыр Кыргызстандын чек арасында 14 жаңжал катталган. Алардын ичинен ону кыргыз-тажик, төртөө кыргыз-өзбек чек арасында болгон. 2016-жылы бул көрсөткүч 20 деп белгиленген. Бул тууралуу 26-январда Бишкекте өткөн Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отурумда айтылды.
Чек арачылар жалпысынан "былтыр мамлекеттик чек арадагы абал туруктуу болду" деп баалашты.
2017-жылы мамлекеттик чек араны бузуу айыбы менен 218 киши кармалган. Чек арачылар 37 курал-жарак, 273 даана ок-дары, 1 снаряд жана 1 сигнал тапанчасын табышкан.