Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Москва: акцияда кармалгандардын арасында Навальный да бар


Москванын Пушкин аянтындагы акция, 28-декабрь 2018-жыл.
Москванын Пушкин аянтындагы акция, 28-декабрь 2018-жыл.

Орусиянын бир катар аймактарында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүрүштөрдүн ондогон катышуучулары кармалды. Алардын арасында каршылык акциясынын уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да бар. Ал Москванын борбордук бөлүгүндө миңден ашуун адам катышкан бүгүнкү жүрүш маалында кармалганын Твиттердеги барагына жазды.

Жекшембиде нааразылык акциясына чыккандар "Шайлоону бойкоттогула", "Путинсиз Орусия" деп кыйкырып жатышты.

26-январда Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоонун алдындагы митингдерде мыйзам бузгандарга катаал чара көрүлөт деп эскерткен.

Навальныйдын 18-мартка белгиленген президенттик шайлоону бойкоттоо чакырыгын колдогондор Владивосток, Новосибирск, Томск, Омск, Иркутск, Кемерово сыяктуу Орусиянын ондогон шаарларында көчөгө чыгышты.

Адам укуктарын коргоо багытында иш алып барган "ОВД-Инфо" бейөкмөт долбоорунун маалыматына ылайык, бүгүн Москвада кеминде 6, Орусиянын башка аймактарында 80дей киши кармалды.

Декабрь айында Орусиянын Боршайкому Алексей Навальныйдын соттуулугун жүйө кармап, ага талапкер болууга уруксат бербей койгон. Муну саясий чечим катары мүнөздөгөн Навальный шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” деп атап, орусиялыктарды добуш бербөөгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG