Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Москвадагы өрттөн кыргызстандыктар жабыркабаганы такталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвадагы "Садовод" базарында чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар бар-жогу такталып жаткандыгын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз департаменти "Азаттыкка" маалымдады.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-январь күнү саат 21:00 чамасында Москвадагы "Садовод" базарында өрт чыкканы тууралуу кабар түшкөн. 300 чарчы метрди каптаган өрт түн жарымынан оогондо өчүрүлгөн. Маалыматтарга караганда, базардагы темир контейнерлер күйгөн. Анда күнүмдүк пайдалануучу товарлар болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр базардын кырктай кызматкерин эвакуациялаганы маалымдалып, жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу айтылган жок.

"Садовод" базарында иштегендердин басымдуу бөлүгү - кавказдык жана борборазиялык соодагерлер.

4-январда Новосибирскидеги бут кийим кампасында чыккан өрттөн он киши набыт болгон, экөө кыргызстандык болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG