Эколог Эмил Шүкүров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын борбор шаардын экологиясына көңүл бурулбаганына нааразылык иретинде тапшырган. Бул тууралуу профессор Эмил Шүкүров “Азаттык” менен болгон маегинде өзү билдирди. Анын айтымында, борбордогу экология маселелерин чечүүгө бир топ аракет кылган, бирок тоскоолдуктардан улам максатына жеткен эмес.
- Бишкектин экологиясы үчүн шайлоого катышкам. Бирок шаар бийлигинин жаратылышка каршы иштерине каршы тура алган жокмун. Колдоонун ордуна каршылыктар көп болду. Ошондон улам депутаттыктан кеттим. Болбосо алардын мыйзамсыз иштерине салым кошкон болуп калмакмын, - деди Шүкүров.
Эмил Шүкүров Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмесинен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган. Ал өткөн жылдын аягында өз арызы менен мандаттан баш тарткан эле. (UEz/BkA)