Баатыр эненин түйшүгү жана үмүтү
Сегиз балалуу токтогулдук баатыр эне төрт баласы менен ооруканага жатып, дарыланып чыкты. Алардын бири өнөкөт оорудан жабыркайт. Ошол баласынын саламаттыгы үчүн деп бул үй-бүлө өздөрү жердеген Токтогул аймагынан Бишкекке көчүп келгенине үч жыл болду. Жалданма батирде, жөлөкпулсуз, туруктуу кирешесиз күн өткөрүп жаткан көп балалуу үй-бүлөнүн тиричилигин "Азаттыктын" кабарчысы көрүп келди.