Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий сапар менен барат


Президент Сооронбай Жээнбеков менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга расмий иш сапары башталат. Президенттик аппарат маалымдагандай, мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугат.

Өзбек лидери менен бир катар документтерге кол коюлат. Арасында каржы тармагындагы кызматташтык жөнүндө өкмөт аралык келишим, эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илимий-техникалык багытта кызматташтыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, жаштар иштери, бажы тармагындагы карым-катыш тууралуу документтер бар. Мамлекет башчылары жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашат. Жээнбеков Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форумуна да катышат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеванын айтымында, расмий сапар учурунда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү болот, бирок бул багытта документтерге кол коюлбайт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 85 пайызы такталган. Калган 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG