Медициналык шаймандар менен толук жабдылган 15 тез жардам унаасы Германиядан Кыргызстанга алынып келди.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Тез жардам унаалары кыргыз-немис кызматташтыгынын алкагында алынган. Алардын жалпы баасы 1, 18 млн еврого бааланган. Тез жардам унаалары Бишкек, Ош шаарларына жана Ош облусуна бөлүштүрүлөт.
Ушундай эле кызматташтыктын алкагында 2009-жылы тогуз Тез жардам унаасы алынган. Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек шаарында Тез жардам унаалары тартыш экени айтылып келет. (UEz)