Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

КСДП Бишкек шаардык кеңешиндеги коалициядан чыгат


Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов менен КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев.
Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов менен КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев.

Бишкек шаардык кеңешиндеги Кыргызстан социал-демократтар фракциясы көпчүлүк коалициядан чыга турганын анын лидери Алмаз Кененбаев бүгүн билдирди. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна шаардык кеңештин маалымат катчысы Чынара Усупбаева ырастады.

- Кененбаев көпчүлүк коалиция алда канча конструктивдүү жана иштиктүү болушу керек экенин айтып, анын курамынан чыкканын бүгүнкү сессияда билдирди. Муну менен алар жаңы курала турган коалициянын форматын өзгөртүүнү көздөп жатышат.

Усупбаеванын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары сессияны кечке чейин улантуу же эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялоо маселесин чечиши керек.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши жайкы тыныгуудан кийинки 10-сессияга чогулган. Анда шаардык милициянын отчету каралды.

Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG