Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

АКШ Мьянмадагы окуяларды "этникалык тазалоого" теңеди


Кошмо Штаттар Мьянма өкмөтүнүн мусулман рохинжа азчылыгына каршы аракеттерин “этникалык тазалоого” теңеди. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон 22-ноябрда Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө ал өлкөнүн Ракхайн штатындагы окуяларды ушинтип комментарийледи. Мусулман азчылыгына каршы зордук-зомбулук рохинжа козголоңчуларынын бир нече чабуулунан кийин башталган. Аскерлердин куугунтуктоолорунан улам августтун аягынан бери 400 миңдей киши кошуна Бангладешке качууга аргасыз болду.

Мьянма өкмөтү карапайым элди бутага алууда деген айыптоолорду четке кагып, согушкерлерге каршы аракет көргөнүн айтып келатат. Өткөн аптада Тиллерсон Мьянмага барып кеткен.

“Бир да провокация мындай мыкаачылыкты актай албайт”, - деп айтылат анын кечээги билдирүүсүндө.

Мамкатчы ошондой эле “Мьянма бийлиги жана коопсуздук күчтөрү өз аймагында жашаган бардык адамдардын укуктарын урматтоого жана ошол укуктарды бузган адамдарды жоопко тартууга тийиш” деди.

АКШнын дагы бир расмий өкүлү болсо Вашингтон санкцияларды колдонушу мүмкүн деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG