Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев анда өзүнүн алты жылдык президенттик мөөнөтүндөгү аткарган иштери тууралуу маалымат берери күтүлүүдө. Журналисттер менен президенттик кызматындагы анын акыркы жолугушуусу 20-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Алмазбек Атамбаев 2011-жылы Кыргызстандын президенти болуп шайланган.
Быйыл 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан. Ал президенттик кызматка 24-ноябрда киришет. (ZKo)