Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Ак үйдүн алдында мөңгүлөр боюнча акция өтүп жатат


“Мөңгүлөрдөн колуңарды тарткыла!” деген акция 8-ноябрда да өткөн.
“Мөңгүлөрдөн колуңарды тарткыла!” деген акция 8-ноябрда да өткөн.

Ушу тапта Ак үйдүн алдында мөңгүлөрдү сактап калууга арналган нааразылык акциясы өтүп жатат. Ага жарандык активисттер Калича Умуралиева, Өндүрүш Токтонасыров, Мавлян Аскарбеков жана башкалар, жалпысынан он чакты адам катышууда.

"Суу кодексине" толуктоолорду киргизүү тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынына үчүнчү окууга киргизилет.

Аталган документти 31-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет талкуулап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберген.

Долбоордо Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG