Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Атамбаев: Журналисттер да келечек үчүн жооптуу


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Анда президент журналистика азыр коомдук пикирди чагылдыруу менен кошо адамдардын турмушун, дегеле дүйнөнү өзгөртүүчү эбегейсиз күчкө ээ экенин белгиледи.

“Журналистика – коомдун санитары, анын аракети менен коом жаман адаттардан арылып, тазаланып турат. Биз маанилүү окуяларга убагында көӊүл буруп, далилдүү сөзү менен коомунун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болгон кабарчылар менен сыймыктанабыз. Ошону менен катар кесибинен кыянат пайдаланып, атайы ниет менен көпчүлүктү козуткан, адамдарды негизсиз басынтып, айып таккандан алыс болууга чакыра кетем. Азыр Кыргызстан үчүн тынчтык, туруктуулук, элдин ынтымагы баарынан кымбат. Ошондуктан, журналисттер да баарыбыздын Мекенибиздин келечеги үчүн жоопкердикти бөлүшүүгө милдеттүү” деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

7-ноябрь Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленет.

XS
SM
MD
LG