Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Өзгөн акими жолдо набыт кеткен жети жаран тууралуу азырынча кабарсыз


Бишкек - Ош унаа жолу
Бишкек - Ош унаа жолу

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги Таш-Көмүр шаарындагы ири кырсык тууралуу азырынча кабарсыз. “Азаттык” радиосунун кабарчылары он адамдын өмүрү кыйылган бул окуядан жабыркаган өзгөндүк үй-бүлөлөр тууралуу кабар алуу үчүн акимге кайрылганда Олжобай Осмоналиев :

- Аны биз териштирип жатабыз. Бирок азырынча эч кандай маалымат чыкпай жатат. Алардын кайда баратканын билбейт экенмин. Сураштырып койгулачы, биздин балдар болуп калбасын деп балдарга дайындап койдум. Алар карап жатышат, - деп жооп берди.

Бишкек-Ош автожолунун 457-чакырымында, Таш-Көмүр шаарынын тушунда болгон кырсыктан каза тапкандардын тизмесин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чашкеде эле жарыялаган.

Мекеменин маалыматына караганда, газ ташыган «МАН» менен Honda Stepwgn автоунаасынын кагылышынан каза болгон он адамдын жетөө Өзгөн районунун тургундары.

Маркумдардын кошуналарынын айтымында, алар Орусиянын Самара шаарына кетип баратышкан. (YI)

XS
SM
MD
LG