Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Минскте Сталин доорундагы репрессия курмандыктары эскерилди


Минскте 5-ноябрда ондогон беларус жарандары советтик жашыруун полициянын колунан ажал тапкан миңдеген адамдарды эскеришти. Бийлик уруксат берген акциянын катышуучулары Челюскинцев паркына чогулуп, Курапаты токоюна чейин жүрүш жасашты. Жүрүштү "Беларус элдик фронту" аттуу оппозициялык кыймыл өткөрдү.

1930-40-жылдары Беларуста кеминде 30 миң адам өлтүрүлүп, алардын сөөгү дал ушул Курапаты токоюна көмүлгөн. Март айында 15 күнгө созулган нааразылык акциясынан кийин беларус бийлиги бул корголгон жайдын жанындагы бизнес-борбордун курулушун токтото турууну чечкен. Митингге чыккандар бизнес-борбор Сталиндин доорундагы репрессия курмандыктарынын элесине шек келтирет деп билдиришкен.

Адатта президент Александр Лукашенконун режими сынчыл көз караштагы адамдарды куугунтуктаганы үчүн жана нааразылык акцияларын күч менен басканы үчүн сынга алынып келет.

XS
SM
MD
LG