Финансы министрлиги 2019-жылга чейинки мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтында кабарланды. Стратегия чыгымдарды азайтуу, тобокелдиктерди эсептеп чыгуу, мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана карыздын туруктуулугун сактоо максаттарын көздөйт.
2017-жылдын июнь айына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 378 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинин маалымдашынча, мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыздын суммасы 3 млрд 984 млн доллар, ал эми ички карыз 394 млн доллар болгон.
Кыргызстан карыз алган уюмдардын башында Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы турат. Аталган банктан 1,56 млрд доллар карыз алынган. Бул тышкы карыздын 40,5% түзөт.
2016-жылы мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 57,7% түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстан мамлекеттик карыздарды төлөөгө 20,7 млрд сом сарптаган. (BkA)