Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Зомбулукка кабылгандарга акысыз укуктук жардам берилет


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен балдар “Про Боно” ыкмасында акысыз жардам алат. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, «Про-Боно» ыкмасын колдонуу долбоору гендердик жана сексуалдык зомбулуктан жабыркагандарды коргоо үчүн Адвокаттардын окуу борбору менен бирге 2016-жылдан тарта ишке киргизилген.

Анын алкагында республика боюнча 100 адвокат окуудан өттү.

“Про Боно” деп аталган укуктук жардам көпчүлүк мамлекеттерге белгилүү, латынчадан которгондо “коомдун пайдасы үчүн” дегенди түшүндүрөт.

Анда кесипкөй адистер кайтарымсыз укуктук жардам көрсөтүшөт. Бүгүн Бишкекте бул ыкма тууралуу маалымат берилмекчи. (NT)

XS
SM
MD
LG