Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


18-октябрда эртең менен, күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 19-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетиши ыктымал.

19-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

17-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;

Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;

Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 14...19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7;

17-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 23…25 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG