Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

АКШ дипломаттары Пакистанга барды


АКШнын Ооганстан боюнча Пакистанды айыптоосуна каршы буга чейин нааразылык акциялар өткөн.
АКШнын Ооганстан боюнча Пакистанды айыптоосуна каршы буга чейин нааразылык акциялар өткөн.

Кошмо Штаттардын жогорку деңгээлдеги дипломатиялык делегациясы Пакистанга президент Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялагандан бери биринчи ирет келди.

Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс баштаган делегациянын Исламабадда Пакистан тышкы иштер министри Хаваджа Асиф баштаган өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрү белгиленген.

Президент Дональд Трамп август айында АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган учурда Пакистан өз аймагында согушкерлер менен экстремисттерге башпаанек берип жатканы үчүн ага кысым көрсөтүлөрүн билдирген. Бирок ал кандай чаралар болушу мүмкүн экенин айткан эмес.

Маалымат каражаттарында Пакистан АКШ үчүн НАТОго кирбеген башкы өнөктөш деген макамдан ажыратылуусу мүмкүн деген кабарлар тараган.

Пакистан бийликтери АКШнын Исламабад согушкерлер менен экстремисттерге башпаанек берип жатат деген айыптоолорун кескин түрдө четке каккан.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис ушул айдын башында Сенат комитетиндеги угууда Кошмо Штаттар Пакистан менен Ооганстан боюнча иштешүүгө “дагы бир жолу аракеттене” турганын билдирген.

Медиадагы кабарларга караганда, Жим Мэттис да, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон да Пакистанга алдыдагы апталарда барат. (UE)

XS
SM
MD
LG